Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:03

Милиция кызматкери жетекчисин шектүүнү коргоп жатат деп айыптоодо


Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаардык милиция кызматкери Равшан Матиев жетекчисин "кылмышка шектүүлөрдү калкалап жатат" деп айыптап чыкты. Бул тууралуу ал “Азаттык” радиосуна билдирди.

Матиев баңги заттарга каршы күрөшүү тобунда иштейт. Анын айтуусунда, шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Калык Айтбаев быйыл июль айында маңзат менен кармалган Ош облусунун 32 жаштагы тургунун коргоп, бошотууга умтулуп жатат. Кара-Көл шаардык прокуратурасы Равшан Матиевдин арызынын негизинде милиция башчысына "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесине ылайык иш козгоп, тергөө башталган.

Айтбаев болсо өз дарегине карата айтылгандарга комментарий бере элек. (RsK/NT)

XS
SM
MD
LG