Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Тогуз айда 3311 жер мыйзамы бузулду

Оштун жанындагы Озгур айылынын талаасы.
Оштун жанындагы Озгур айылынын талаасы.

Прокуратура органдары 2015-жылы жана быйылкы жылдын тогуз айында 3311 жер мыйзамынын бузулушун аныктаган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, бул мыйзам бузуулар боюнча 159 кылмыш иш козголуп, 518 кызмат адамы жоопко тартылган.

Ошондой эле 390 гектар жер аянты мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Прокуратура бул жаатта ишти күчөтүп, жарандар жана кызмат адамдарын жер тилкелерине байланыштуу мыйзамды аткарууга чакырууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG