Бишкек-Ош жолунда 27-декабрда жол кыймылына киргизилген чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кечээ аталган кан жолдун 127-128-чакырымдарында жол тыгындары катталып, Сосновка постунда алгач жүк ташуучу, андан соң жеңил унааларга чектөө киргизилген. Жол тейлөө ишканасынын жана Патрулдук милиция жол кыймылын жөнгө салган соң, кыймылга чектөө толугу менен алынды.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочулар жолго даярдыгы жок чыкканы үчүн тыгынга себеп болуп жатканын билдирген эле.(BkA)