Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Бишкекте кургак учуктан жабыркаган үй-жайсыздар акысыз дарыланат


Бишкекте кургак учуктан жабыркаган үй-жайсыздарга убактылуу баш калкалоочу атайын жай ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, мындай долбоор USAIDдин көмөгү менен ишке ашырылууда. Учурда аталган жайда 10 бейтап жашап, дарыланууда. Дагы 50дөн ашык адам кезекте турат. USAIDдин “Кургак учукту жеңебиз” аттуу долбоорунун жетекчиси Айнура Ибраимованын айтуусунда, мындай демилге өлкөдө кургак учуктун жайылышын токтотуу максатын көздөйт.

Учурда Бишкекте кургак учук менен ооруган 84 үй-жайсыз катталган. Алардын 43ү бул дарттын оор формасына туш келгени аныкталган.(BkA)

XS
SM
MD
LG