Каракол шаарында кыргыздын чыгаан уулу, мамлекеттик ишмер, кыргыз АССРинин биринчи элдик комиссарлар кеңешинин төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 115 жылдыгы эскерилди. Анын жүрүшүндө шаардагы борбордук аянттагы улуу ишмердин айкелине гүлчамбарлар коюлду.
Иш-чарага облус, шаар жетекчилери жана облустагы коомдук ишмерлер катышты.
Жусуп Абдрахманов 1901-жылы Ысык-Көл районунун Чиркей айылында төрөлгөн. 1938-жылы Сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон. (AsM)