Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:02

Орусия учагынын үн жазгыч “кара кутулары” табылды


Кыйраган учакты деңизден издөө улантылууда.
Кыйраган учакты деңизден издөө улантылууда.

Орусиянын Кара деңизге кулап түшкөн Ту - 154 учагын издөө операциясына жалпысынан 3,6 миң киши тартылып, алар набыт болгондордун 17синин денесин жээкке алып чыгышты.

Сирияга бараткан Орусия учагы 25-декабрда Кара деңизге кулап түшүп, андагы 92 кишинин баары курман болушкан. Жүргүнчүлөрдүн 60тан ашууну Орусиянын Коргоо министрлигинин алдындагы Александров ыр-бий ансамблинин артисттери эле. Тогуз тележурналист, Доктор Лиза деген ысым менен белгилүү дарыгер Елизавета Глинка да алардын арасында болгон.

Орус бийлиги учактын кыйроосунун так себебин аныктай элек, бирок террордук жардыруу болду дегенди жуутпай келатат. Мамлекеттик ТАСС маалымат агенттигинин 28-декабрдагы маалымдоосу боюнча, суучулдар учактын куйрук жагына өзгөчө көңүл буруп жатышат. Ал жакта эки үн жазгыч жайгашкан. Акыркы маалыматтар боюнча эки үн жазгыч алып чыгылды. Дагы бирөөсү калууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG