Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:13

Кыргызстанга “Түркстан жыйнагынын” электрондук көчүрмөсү алынып келинди


Бүгүн Бишкекте Тарых жана маданият жылына карата бир нече китептин бет ачары болуп өттү.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети уюштурган иш-чарада 600 томдук «Түркстан жыйнагынын" электрондук көчүрмөсүнүн, жазуучу Сагындык Өмүрбаевдин «Улуу Үркүн» китебинин түрк тилиндеги котормосунун, Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Археологиялык музейинин жана «Кыргызча-түркчө сөздүгүнүн» бет ачары болуп өттү.

Бул тууралуу аталган университеттен кабарлашты. Андагы маалыматка ылайык, аталган эмгектерди “Манас” университетинин окутуучулары 2016-жылы даярдашкан.

“Түркстан жыйнагы” (орусча "Туркестанский сборник") – өз ичине чакан макаладан тарта көлөмдүү эмгектерге чейин камтыган “кичи архив жана китепкана”. Анда Борбордук Азиянын байыркы, орто жана жаңы доордогу социалдык-экономикалык, саясий, маданий тарыхы жана этнографиясы тууралуу мол материалдар топтолгон. Жыйнак 1868-жылдан тартып Санкт-Петербург шаарында топтоло баштап, Ташкен шаарында улантылган.

Жыйнактын жападан-жалгыз түп нускасы Ташкенде сакталууда. Эми илимпоздор анын электрондук көчүрмөсүндөгү мол маалыматты КТМУнун китепканасынан ээн-эркин окуй алышат.

XS
SM
MD
LG