Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:53

Алимбеков: Тайванга үч жолу баргам


Нурбек Алимбеков (солдо).
Нурбек Алимбеков (солдо).

Бул тууралуу бүгүн вице-спикерликти тапшырып берген Нурбек Алимбеков билдирди. Анын айтуусунда, Тайванга 16-22-декабрь күндөрү жеке иш сапары менен барган. Ага чейин да бул аймакка эки жолу барып келген. Бирок акыркы сапар учурунда Тайвандын расмий бийлик өкүлдөрү менен жолугушкан. Алимбеков бул кездешүү расмий мүнөздө болбогонун ырастап, Тайвандын маалымат каражаттары эмне себептен аны жарыялаганын түшүнбөй турганын айтууда.

Бүгүн Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин вице-спикерлик кызматынан кетти. Ал мындай кадамын жекече иш сапары Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы мамилеге терс таасирин тийгизбесин деген жүйө менен негизделерин билдирди.

Бирок Жогорку Кеңештеги айрым булактар Алимбековдун кызматтан кетери мурдатан эле белгилүү болгонун, буга Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум дайындоо мыйзамына каршы добуш бергени себеп болгонун айтышууда.

Кытай Тайванды өзүнүн аймагы катары эсептейт. Кыргызстан бул мамлекеттин көз карандысыздыгын тааныган эмес.

XS
SM
MD
LG