Линктер

шейшемби, 11-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 23:57

Казакстандан жүк алып өтүү төлөмү арзандайт


Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, кыргызстандыктар темир жол менен Орусия жана Беларустан ташылган жүктөрдү Казакстандын аймагынан жеңилдетилген баада алып өтө алышат. Тиешелүү келишимге 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында өткөн Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында жана кыргыз-казак президенттеринин жолугушуусунда жетишилди. Өкмөт эми Кыргызстанда импорт товарлардын наркы жана азык-түлүк арзандайт деп божомолдоодо. Макулдашуу качан күчүнө кирери белгисиз. (NT)

XS
SM
MD
LG