Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:05

Тонер: АКШ Сирияга зениттик-ракеталык комплекс жөнөтпөйт


Сирия, Алеппо.
Сирия, Алеппо.

Бул тууралуу АКШ мамлекеттик департаментинин өкүлү Марк Тонер маалымдады. Анын айтуусунда, курал-жарактарга байланыштуу Орусиянын Вашингтонду айыптаганы туура эмес:

- АКШ сириялык оппозицияга эч кандай зениттик-ракеталык комплекстерди бербегени - факт.  Бул багыттагы позициябыз өзгөргөн жок. Эгер бул типтеги курал Сирияга жетсе, катуу бушайман болмокпуз.

Орусия буга чейин АКШны сириялык оппозицияга зениттик-ракеталык комплекстерди берди деп күнөөлөп, курал жихадчылардын колуна өтүп кетиши мүмкүн деп кооптонгон. АКШнын коргонуу бюджети тууралуу мыйзамдын негизинде козголоңчуларга курал-жарак берилсе, абал курчуп, жаңы курмандыктарга алып келери белгиленген.

 

XS
SM
MD
LG