Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:03

Шинжаңдагы жардыруудан беш адам мерт болду


Быйыл 22-майдагы Үрүмчүдөгү жардыруудан кийин.
Быйыл 22-майдагы Үрүмчүдөгү жардыруудан кийин.

Жергиликтүү бийликтер билдиргендей, 28-декабрда төрт адам унаа менен Коммунисттик партияга караштуу кеңсенин короосуна кирип келип, жардыруу аракетине киришкен.

Бирок, полиция аларды атып салууга жетишти. Бомба жарылуусунан башка бир адамдын өмүрү кыйылып, үчөөсү жаракат алды.

Шинжаң-Уйгур автоном районунун өкмөттүк сайтында жарыяланган маалыматка караганда, бул окуя аймактын түштүк бөлүгүндөгү Караках округунда болду.

Бирок, чет элдик журналисттер бул маалыматтардын чын-төгүнүн башка көз карандысыз булактардан тактай алышкан жок.

Кытай бийликтери адатта Шинжаңдагы кыянатчыл көрүнүштөрдү, кол салууларды уйгур согушкерлеринен көрөт. Ал эми адам укугун коргоочулар менен Кытайдан кетүүгө мажбур болгон уйгурлар муну Бээжиндин аймактагы саясатына байланыштырат. Кытай бийлиги Шинжаңда репрессиялар бардыгын такай четке кагып келет. (UE)

XS
SM
MD
LG