Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Трамп БУУга каржы рычагы менен таасир көргөзөрүн ишара кылды


Дональд Трамп Висконсин штатындагы шайлоочуларына ыраазычылык билдирүүдө. 13-декабрь, 2016-жыл.
Дональд Трамп Висконсин штатындагы шайлоочуларына ыраазычылык билдирүүдө. 13-декабрь, 2016-жыл.

Улуттар Уюмунун 1-январдан тарта кызматка кирише турган жаңы баш катчысы Антонио Гутеррес АКШнын шайланган президенти менен “конструктивдүү диалогду” мүмкүн болушунча тез орнотууну көздөөрүн билдирди.

"Ага мүмкүн болушунча тез жолугуу менин кызыкчылыгым, АКШ БУУнун башкы донору эле эмес, анын ишмердүүлүгүндөгү фундаменталдык элемент”, - деди Гутеррес.

Трамп шаршембиде АКШнын каржы рычагын БУУну олуттуу өзгөрүүлөргө мажбурлоо үчүн колдонорун ишара кылган. Бирок ал кандай өзгөрүүлөр экенин чечмелеген эмес.

“Улуттар Уюмунун эбегейсиз потенциалы бар, бирок ал өз потенциалын колдонгон жок. Көйгөйлөрдү чечкендин ордуна көйгөй жаратууда. Эгер БУУ өз потенциалын актабаса бул убакытты жана акчаны бошко кетиргендик”,- деди Трамп Флоридада кабарчылар менен маегинде.

АКШнын шайланган президенти буга чейин да кызматка киришкенден тарта БУУда өзгөрүүлөрдү күтөөрүн бир нече жолу билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG