Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:52

Өлгөн малдын этин сатуу боюнча кылмыш иш козголду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкек шаарынын прокуратурасы маалымат каражаттарында жарыяланган Ош базарындагы өлгөн малдын этин сатуу боюнча кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, прокуратура Коомдук 1-каналда борбордогу Ош базарында өлгөн малдын эти сатылары тууралуу көрсөтүү көрсөтүлгөн соң иликтөө баштаган. Анын негизинде 28-декабрда шаардык прокуратура бул факт боюнча Кылмыш кодексинин “алдамчылык”, “мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү” беренелери боюнча иш козгоду. Ошондой эле бул окуя боюнча мурдараак Ленин райондук милициясынын кызматкерлерине карата “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча кылмыш иш ачылган.

Буга кошумча Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциянын жетекчиси Калыс Жумакановго мыйзам бузууну жокко чыгаруу боюнча сунуштама келтирилди.

Өткөн аптада КТРКда аталган базардагы көмүскө эт базарындагы абал тууралуу иликтөө көрсөтүлгөн. Анда бул жерде 10 жылдан бери таң атпай ар түрдүү жагдайда өлгөн малдын эти сатылары, көбүнчө алар колбаса цехтеринде кайра иштетилери жана милиция, базар жетекчилиги, шаардык бийлик баарын билгени менен эч кандай чара көрбөй келе жатканы баяндалган.

XS
SM
MD
LG