Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Орусия АКШнын жаңы санкцияларына каршы чара көрүүдө


Президент Путин.
Президент Путин.

CNN телеканалынын маалыматына караганда, орус бийлиги Москвадагы Англо-Америкалык мектепти жана АКШ элчилигине таандык Москванын токойлуу Серебрянный Бордогу эс алуу үйүн жабууну чечүүдө. Англо-Америкалык мектепте АКШ, Британия жана Канада элчиликтеринин кызматкерлеринин жана айрым москвалыктардын балдары билим алат.

Мындай чара АКШ тараптан Орусияга таандык Мэриленд жана Нью-Йорктогу орус дипломаттары колдонгон эс алуу жайларынын жабылышына жооп иретинде кабыл алынмакчы. Мэриленддеги дачаны Орусия тыңчылык максатта колдонот деп Акүй билдирип келген. Вашингтон Орусияны кибер чабуул боюнча айыптап, Орусиянын 35 дипломатын чыгаруу жана эки эс алуу жайын жабуу, бир катар мамлекеттик органдарга карата 29-декабрда санкция киргизди. Орусиянын жооп чаралары 30-декабрдын кечине карай жарыяланышы күтүлүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG