Бул тууралуу 30-декабрда Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдирип, “бул жерде ага жараша жооп берүүдөн башка эч кандай арга жок” деди. Ал президент Владимир Путин тийиштүү чечим кабыл аларын кошумчалады. Ошол эле учурда бул санкциялар бир айга жетпей ыйгарым укуктары бүтө турган Барак Обама тарабынан кабыл алынганын Москва эске аларын Песков белгиледи. АКШнын 45-президенти болуп жарыяланган Дональд Трамп Орусиянын кибер чабуулу атаандашы Хилари Клинтондун жеңилишине алып келди деген маалыматтарды күмөнгө алып келет. Акүй 29-декабрда Орусияга карата кошумча санкцияларды жарыялады. Ал Орусиянын АКШдагы шайлоого кибер чабуул аркылуу кийлигишүүсү үчүн кабыл алынганы айтылды. Кремль андай айыптоолорду четке кагып келатат.
Москва Вашингтон тараптан жарыяланган санкцияларды “күтүлбөгөн жана мүмкүн агрессивдүү саясат” деп баалады.CNNдин маалыматы боюнча, Москва жооп иретинде Англо-Америкалык мектепти жабуу чечимин кабыл алды.(AiT)