Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 22:08

Президент Алмазбек Атамбаев “Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине өзгөртүү” боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аталган мыйзам көп батирлүү үйлөрдөгү турак жайларды негизсиз колдонууга жоопкерчиликти күчөтүү максатын көздөйт. Ага ылайык, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди сааттык жана суткалык мейманкана катары берүүгө администрациялык жоопкерчилик каралат.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш быйыл 16-ноябрда кабыл алган. Депутаттар мындай чарага шаардыктардын даттануулары негиз болгонун билдиришкен эле.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG