Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:20

Онтарио Апелляциялык соту “Кыргызалтындын” пайдасына чечим чыгарды


Канаданын Онтарио провинциясынын Апелляциялык соту үч чет элдик компаниянын “Центерра Голддогу” Кыргызстандын акцияларын алып берүү өтүнүчүн канааттандырган жок. Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Апелляциялык сот 29-декабрда түркиялык Sistem Muhendislik, Entes Industrial Plants Constraction компанияларынын жана Латвия жараны Валерий Белокондун арызын карап, канааттандырган жок. Алар быйыл июль айындагы Онтарионун Жогорку Сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчүн келтирген.

Анда доо арыз ээлери Centerra Gold компаниясындагы “Кыргызалтындын” акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнүшкөн. Бирок Онтарионун соту доочулардын арызын канааттандырган эмес эле.

Бул жолу да Апелляциялык сот өтүнүчтөрдү жокко чыгарып, чечимди “Кыргызалтындын” пайдасына чыгарды. Ал эми "Кумтөр" боюнча соттошуп келген “Stans Energy” компаниясы Онтарио сотунун чечиме каршы доо арыз берген эмес.

Чет өлкөлүк компаниялар менен кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы соттук териштирүү бир нече жылдан бери уланып келет.

Түркиялык Sistem Muhendislik компаниясы “Ак кеме” мейманканасына байланыштуу иш боюнча "Центерра голддун" акцияларын өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Бул компания өкмөт мейманкананы мыйзамсыз түрдө тартып алган деп эсептейт.

Ал эми Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting компаниясы Бишкек-Ош жолун курууда Транспорт министрлиги өз милдеттенмелерин аткарбай жатат деген доомат коюп келет.

Латвиянын жараны Валерий Белоконь "Манас банкын” 2010-жылдан соң кыргыз бийликтери мыйзамсыз улутташтырган деген жүйөнү карманат.(BkA)

XS
SM
MD
LG