Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:06

Кытай Пакистанга электр линиясын курууга жардам берет

Пакистанда электр зымын тартуу үчүн Кытай 1 жарым млрд доллар сарптайт. Пакистан бийлигинин маалыматы боюнча 4 миң Мегаватт кубаттуу электр линиясы өлкөнү туташтырган биринчи линия болмокчу. Жаңы электр зымы түштүктөгү Матария регионун Лахордогу жаңы электр станциясы менен туташтырат. 30-декабрда Бээжинде тийиштүү келишимге эки тараптын өкүлдөрү кол койду. Пакистан электр кубаты жетишпей жабыркаган өлкөлөрдөн. Бул энергетикалык долбоор 55 млрд доллар деп бааланган Кытай-Пакистан экономикалык коридор стратегиясынын алкагында аткарылат. (AiT)

 

XS
SM
MD
LG