Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:17

Орусияда “Сова” борбору “чет элдик агенттер" тизмесине киргизилди


"Сова" борборунун жетекчиси Александр Верховский

Орусиядагы “Сова” маалыматтык-аналитикалык борбору “чет өлкөлүк агент” катары таанылган бейөкмөт уюмдардын тизмесине киргизилди. Орусиянын Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, мындай чечим уюмдун документтерин текшерүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алынды. Борбордун жетекчиси Александр Верховский болсо, мамлекеттик органдардын ишинин жыйынтыгын талдаган долбоорго чет өлкөлүк жардам алганы үчүн “чет өлкөлүк” катары таанылганын билдирди. Расмий бийлик муну саясий ишмердүүлүк катары баалаган.

“Сованын” жетекчилери мындай чечимге каршылыгын билдирип, сотко арыз жолдорун айтышууда.

Орусияда четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды “чет өлкөлүк агент” катары таануу боюнча мыйзам кабыл алынып, бир нече уюм мындай тизмеге киргизилген.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG