Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Президент мамлекеттик ишмерлерди сыйлады


Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыяс Молдокасымов үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.
Тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыяс Молдокасымов үчүнчү даражадагы “Манас” ордени менен сыйланды.

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу боюнча жарлыкка кол койду. Анын негизинде 118 адамга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды.

Алардын арасында экинчи даражадагы “Манас” ордени менен жазуучу Кеңеш Жусупов сыйланды. Ал эми үчүнчү даражадагы “Манас” орденине Көчмөндөр оюндарынын режиссер коюучусу Эркин Ибраев, тарыхчылар Тынчтыкбек Чоротегин жана Кыяс Молдокасымов, мурдагы маданият министри Алтынбек Максүтов, акын Анатай Өмүрканов, котормочу Төлөгөн Козубеков, “Азат” курулуш компаниясынын директору Медис Казакбаев татыктуу болушту.

Ошондой эле жакында КВН жогорку лигасынын чемпиону болгон “Азия микс” командасы “Данакер” орденин алды.

Ал эми “Кыргыз эл акыны” наамы акындар Кыялбек Урмамбетовго, Меңди Мамазаировага, Рахматулла Козукеевге ыйгарылды.

“Кыргыз эл артисти” деген наам актерлор Эгемберди Бекболиев менен Шаршеналы Дүйшөнкуловго, ырчылардан Замира Мавлянова, Бакыт Шатенов жана Жумагул Жумалиевага берилди.

Ал эми “Эмгек сиңирген артист” наамы эстрада ырчылары Гүлжигит Калыков, Юлия Руцкая, Майрамбек Осмонов, Жамиля Муратова, Кенже Кубатова, композитор Камчыбек Букалаев, актер Шаршебек Шейшенов ж.б. берилди.

Мындан сырткары ар түрдүү кесиптеги ондогон президенттин ардак грамотасы жана башка сыйлыктар берилди.

XS
SM
MD
LG