Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:21

Стамбулда түнкү клубга кол салуудан 35 киши набыт болду


Кол салуу болгон жерге келген тез жардам кызматы жана полиция кызматкерлери.
Кол салуу болгон жерге келген тез жардам кызматы жана полиция кызматкерлери.

Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубдардын бирине Жаңы жыл түнү куралчан кол салуу болуп, андан 35 адам каза тапты. Алардын 34ү жөн-жай тургун болсо, бирөө полиция кызматкери. Кыркка жакын адам жараат алды.

Стамбулдун мэри Васип Шахин шаардын Ортокөй районундагы Reina аттуу клубга жасалган бул кол салууну “теракт” деп атады.

Түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, куралчан адам Санта Клаустун кийимин кийип келип, ок чыгарган. Кол салган адамдын эмне болгону белгисиз.

Түрк бийликтери бул окуяны чагылдырууга чектөө киргизип, анча көп комментарий берише элек. АКШ окуяны айыптап, “үрөй учурган теракт” деп баалады.

Кошмо Штаттардын президенти Барак Обама Түркияга керек болгон жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди. Окуя болгон учурунда клубда 800гө жакын адам болгон.

Кылмышкер ок атканда айрымдар жанын сактап калышы үчүн Босфордон сууга секиришкен. Стамбулда Жаңы жыл майрамына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн эле. Кол салуу болгон учурда шаардагы тартипке 17 миңден ашык полиция көз салып жүргөн.

XS
SM
MD
LG