Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сирия боюнча резолюцияны кабыл алды


Сирия
Сирия

Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Орусия сунуштаган Сириядагы тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча резолюцияны кабыл алды. Түркиянын катышуусунда даярдалган документти Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсү тең колдоду. Анда Сириядагы ок атууну токтотуп, Башар Асаддын өкмөтү менен оппозиция ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо каралган.

Орусия тынчтык сүйлөшүүлөрүн ушул айда Казакстандын борбору Астанада өткөрүүнү сунуштаган. Казак бийлиги мындай жолугушууну өткөрүүгө даяр экенин тастыктады.

29-декабрда Орусия жана Түркиянын ортомчулугунда ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Бирок ишемби күнү Сирия оппозициясы өкмөттүк күчтөр бул келишимди сактабай жатканын билдирип, мындай абал улана берсе тынчтык келишиминен чыга турганын эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG