Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:57

Стамбул: терактта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталууда


Кол салуу болгон түнкү клуб.
Кол салуу болгон түнкү клуб.

Стамбул шаарындагы түнкү клубда жабыркагандар арасында кыргызстандыктардын бар-жогу учурда такталууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунан “Азаттыкка” кабарлашты. Учурда консулдук кызматкерлери Түркиянын расмий органдары менен байланышып, тактоо иштерин жүргүзүүдө.

1-январга караган түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна куралчан адам кол салып, андан 35 адам каза тапты. Кыркка жакыны жараат алды. Түрк маалымат каражаттары каза болгондор арасында чет өлкөлүктөр болушу мүмкүн экенин жазышууда. Бийликтер кол салууну “теракт” деп атады. Стамбулда сегиз миңге жакын кыргызстандык жашайт. (EIB)

XS
SM
MD
LG