Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Октябрь, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 13:30

Трамп хакердик чабуул боюнча анда жаңы маалымат бар экенин айтты


Трамп жаңы жылдык кечеде журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

АКШнын шайланган президенти Дональд Трамп президенттик шайлоо учурунда Орусия жасады делген хакердик чабуул боюнча жаңы маалымат алганын айтып чыкты. Трамп бул маалыматтарды кийинки аптада жарыялоону көздөөдө. Флорида штатында жаңы жылдык кечеде сүйлөп жатып, Кошмо Штаттардын шайланган президенти хакердик чабуулдар боюнча “башкалар билбеген маалыматты билерин” айтты.

"Бул маалыматты кийинки шейшемби же шаршембиде шардана кылам”-деди Трамп.

Ал ошондой эле АКШнын Демократиялык партиясынын мүчөлөрүнүн электрондук почтасына чабуулду Орусиядан башка күчтөр жасашы мүмкүн экенин кошумчалады.

Ушул аптада АКШ бийлиги хакердик чабуулдар үчүн орусиялык бир катар жетекчилерге санкцияларды киргизип, 35 дипломатты өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Кошмо Штаттардын атайын кызматтары чабуулдарды Москва Трамптын президенттик шайлоодо жеңишке жетишине жардам берүү үчүн уюштурган деп шектенүүдө. Орусия мындай айыптоону четке кагууда.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG