Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:13

Стамбулдагы кол салуудан каза болгондор 39га жетти


Кол салуу болгон жерге келген тез жардам кызматы.
Кол салуу болгон жерге келген тез жардам кызматы.

Түркиянын Стамбул шаарындагы түнкү клубда болгон кол салуудан каза болгондордун саны 39 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. Анын айтымында, каза болгондордун он алтысы чет өлкөлүк жарандар. 69 адам жараат алды.

Түрк маалымат каражаттарынын жазышынча, куралчан адам Санта Клаустун кийимин кийип келип, ок чыгарган. Кол салган адам азырынча кармала электиги айтылууда.

Окуя болгон учурунда клубда 800гө жакын адам болгон.

Кылмышкер ок атканда айрымдар жанын сактап калышы үчүн Босфордон сууга секиришкен.

Түрк бийликтери бул окуяны чагылдырууга чектөө киргизип, кеңири комментарий берише элек.

Буга чейин Стамбулдун мэри Васип Шахин шаардын Ортокөй районундагы Reina аттуу клубга жасалган бул кол салууну “теракт” деп атаган.

Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу кол салуудан жабыркагандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG