Шашылыш билдирүү:
1- 2-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашуусунда, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-90, 145-150 чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-99 чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4 чакырымдарында, Нарын-Казарман автоунаа жолунун Кара-Көө ашуусунда, Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун Чоң-Ашуу ашуусунда кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
Аба ырайы:
2-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүйдө түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -9…-14;
Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;
Баткен облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн +1…-6, күндүз +1…+6;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +1…+6 градус жылуу;
Нарында түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13 суук.
2-январда Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаабайт. Күндүз туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы -2…-4 градус суук, күндүз 6…8 градус жылуу болот.