Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:47

Атамбаев Стамбулдагы кол салуу боюнча Түркияга көңүл айтты


1-январга караган түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна куралчан адам кол салып, андан 39 адам каза тапты.
1-январга караган түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна куралчан адам кол салып, андан 39 адам каза тапты.

Президент Алмазбек Атамбаев 39 адамдын өмүрүн алган Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга байланыштуу түрк президенти Режеп Тайып Эрдоганга көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Атамбаев Кыргызстан терактты кескин айыптай турганын билдирип, каза болгондордун жакындарына сабырдуулук тиледи.

1-январга караган түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна куралчан адам кол салып, андан 39 адам каза тапты. Жетимишке жакыны жараат алды. Бийликтер кол салууну “теракт” деп атады.

Стамбулдагы Кыргызстандын консулдугу терактта жабыркагандар арасында кыргызстандыктар бар-жогу такталып жатканын билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG