Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:50

Стамбул: түнкү клубга кол салган адамга издөө жарыяланды


Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам клубга Санта Клаустун кийими менен кирип, алгач полиция кызматкерин атып өлтүргөн. 
Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам клубга Санта Клаустун кийими менен кирип, алгач полиция кызматкерин атып өлтүргөн. 

Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган адамга издөө жарыяланды.

Бул тууралуу түрк ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. Ал кылмышка шектүү кыска убакытта кармаларын убада кылды.

Кол салуудан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алды. Каза болгондордун он беши чет өлкөлүк жарандар болгон. Жараат алгандардан төртөөнүн абалы оор.

Полициянын маалыматы боюнча, кол салган адам клубга Санта Клаустун кийими менен кирип, алгач полиция кызматкерин атып өлтүргөн.

Андан соң клубда эс алып жаткандарды ата баштаган. Окуя болгон учурда Стамбулдагы бул атактуу клубда 500-700 чамалуу адам эс алып жаткан. Бир нече адам жанын сактап калышы үчүн Босфор кысыгына сууга секиришкен.

Стамбулдун губернатору Васип Шахин кол салууну “теракт” деп атады:

- Тилекке каршы, клубга Жаңы жылды тосуп, белгилейли деп келген бейкүнөө адамдарга жырткычча ок атылды. Муну биз террордук чабуул деп эсептейбиз, - деп билдирди.

Айрым маалыматтар боюнча, кылмышка шектүү окуядан соң башка кийим кийип, клубдан чыгып кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG