Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:44

Ким Чен Ын: Континент аралык баллистикалык ракета жасоого аз калдык


Ким Чен Ын ортодо.
Ким Чен Ын ортодо.

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсү континент аралык баллистикалык ракета жасоонун “акыркы баскычына” келгенин жарыялады. Ал жаңы жылдык куттуктоосунда Түндүк Корея 2016-жылы “өзөктүк державанын бийиктиктерин багынтып”, жакынкы мезгилде континент аралык баллистикалык ракетага ээ болорун билдирди.

Батыш маалымат каражаттары окумуштуулардын пикирине таянып, Пхеньянга өзөктүк курал ташыган ракетаны өндүрүү үчүн дагы бир канча жыл керектигин жазып чыгышты.

Түштүк Кореянын бийлиги болсо Түндүк Корея менен тирештен чочулап, коргоо тармагына бөлгөн каражатты көбөйткөнүн билдирүүдө.

2016-жылы Пхеньян эки ирет өзөктүк жана бир нече жолу баллистикалык ракеталарды сыноодон өткөргөн.

XS
SM
MD
LG