Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:46

ЖККУнун баш катчысынын милдетин Валерий Семериков убактылуу аткарат


Кызматынан кетип жаткан Николай Бордюжа уюмдун баш катчылыгын 2003-жылдан бери жетектеп келген.
Кызматынан кетип жаткан Николай Бордюжа уюмдун баш катчылыгын 2003-жылдан бери жетектеп келген.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун баш катчысы Николай Бордюжанын мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу анын милдеттерин убактылуу аткаруу Валерий Семериковго жүктөлдү. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында кабарланды. Маалыматка ылайык, Бюрдюжанын уюмду башкаруу мөөнөтү 2016-жылдын 31-декабрында аяктады.

62 жаштагы Семериков 2003-жылдан бери ЖККУ баш катчысынын орун басары болуп эмгектенип келет. Ага чейин Орусиянын Федералдык Чек ара кызматынын орун басары болуп иштеген.

25-декабрда Санкт-Петербургда өткөн ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйынында уюмдун жаңы баш катчысы шайланган эмес. Ага Беларустун президенти Александр Лукашенконун жыйынга катышпаганы себеп болгон. Жаңы баш катчыны шайлоо маселеси уюмдун кийинки жылдын апрелинде өтчү жыйынында каралары айтылган.

Николай Бордюжа уюмдун баш катчылыгын 2003-жылдан бери аркалап келген. (BkA)

XS
SM
MD
LG