Ирактагы шииттердин ыйык шаары саналган Нажаф шаарында эки жанкечти өзүн жардырып жиберди. Андан кеминде сегиз адам мерт кетти. Полициянын маалыматы боюнча, жардыруу Нажафка кире бериштеги өткөрмө пункта болгон. Жардыруудан 20 адам жараат алды. Алардын көпчүлүгү полиция кызматкерлери.
Күбөлөрдүн айтымында, жанкечтилер алгач автомат менен полициячыларга ок атышкан. Андан соң өздөрүн жардырышкан.
Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек.
Бир күн мурун Багдадда үч жардыруу орун алып, андан 29 адам мерт кетип, ондогондору жараат алды. Бул жардыруулар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алган «Ислам мамлекети” террордук тобу ал шииттерге каршы багытталганын жарыялаган.