Линктер

шейшемби, 12-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 22:14

БУУ Сирия боюнча Орусия, Түркия сунуштаган чечимди кабыл алды


Сириянын согуштан кыйраган шаары

БУУнун Коопсуздук Кеңеши Орусия жана Түркия ортомчулугу астында жетишилген Сирияда ок атууну токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоо планын колдогон чечим кабыл алды. 31-декабрда жабык эшик артында болгон жыйында Коопсуздук Кеңешинин 15 мүчөсү чечимди бир добуштан колдоду. Чечимде “Орусия жана Түркиянын Сирияда жаңжалды токтотуп, саясий жараянга киришүү боюнча аракеттери кубатталат жана колдоого алынат” деп белгиленди. Ошондой эле келерки айда Астанада президент Башар Асад менен оппозицияны сүйлөшүүгө отургузуу планы да колдоо тапты. (AiT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG