Линктер

шаршемби, 17-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 17:29

Анталияда кыргызстандык кызды сабоого шектүү кармалды


Соцтармактан алынган сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, жабыркаган кыз азыр “Ак деңиз” ооруканасында жатат. Дарыгерлер ал көзүн ачканын айтышкан. Бүгүн анын жакындары Түркияга барышат, аларды консулдук кызматкерлери тосуп алышат. Кылмышка катышы бар деген шектүү кармалып, дагы эки адам издөөгө алынды.

1994-жылы туулган кыргызстандык жаран 27-декабрда Анталия шаардык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Аны ур-токмокко алып, автоунаадан ыргытып жиберишкен деген божомол айтылган. Жанында эч бир документи жоктугунан тек-жайы аныкталбай, кийинчерээк кыргыз жараны экени белгилүү болуп, жакындары табылган эле. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG