Бул тууралуу аны карап жаткан кыргызстандык Гүлмира Бекмамбетова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, жабырлануучунун эсине келе баштаганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт:
-Азыр бейтаптын абалы туруктуу, бирок комада. Эки күндөн бери көзү ачык. Дарыгерлер муну рефлекс катары баалашууда. 22 жаштагы жаш кыз балким сакайып кетет, балким абалы ушундай эле бойдон калышы мүмкүн деп жатышат. Жүрөгү, боору таза, бутуна туруп кетет деген үмүтүбүз бар.
Буга чейин социалдык тармактарда жабыркаган кыздын абалы тууралуу ар кандай маалыматтар тараган. 2-январда анын чоң атасы Анталияга барды. 1994-жылы туулган кыргызстандык жаран 27-декабрда Анталия шаардык ооруканасына эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Аны ур-токмокко алып, автоунаадан ыргытып жиберишкен деген божомол айтылган. Жанында эч бир документи жоктугунан тек-жайы аныкталбай, кийинчерээк кыргыз жараны экени белгилүү болуп, жакындары табылган эле. Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, түрк полициясы кылмышка катышы бар деген шектүүнү кармап, дагы эки адамдын аты-жөнүн аныктады. Алар издөөгө алынды. (ElB)