Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Караганда облусунун Шахан шаарчасындагы кырсыктын каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына көңүл айтты. Ал жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө окуя учурунда жабыр тарткандарга тиешелүү жардам берүүнү тапшырды. Кырсыктан курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө бир миллион теңгеден, ал эми жабыр тарткандарга 500 миң теңгеден акчалай жардам бөлүнмөй болду. Ошондой эле жергиликтүү бийлик каза тапкандарды жерге берүү зыйнатына кетчү чыгымдарын да көтөрөт.
Кырсыктын чыгымдарын атайын комиссия текшерип чыгат. Анын чечими менен жабыр тарткандарга компенсация төлөнүп берилет.
1-январдын кечинде Шахан шаарчасында көп батирлүү үйдүн жарымы урап, тогуз адам мерт болду. Урандылардан беш адам куткарылган, алардын экөө жаш балдар.