Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:00

“Өнүгүү” Бишкек мэрлигине Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөттү


Бишкек шаары.
Бишкек шаары.

Бишкек шаардык кеңешинде оппозицияда калган “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы борбор башчылыгына Нурдин Абдылдаевдин талапкерлигин көрсөтөт.

Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган фракциянын лидери Таалайбек Сариев билдирди.

Анын айтуусунда, шаар башчысынын шайлоосу альтернативалуу негизде өтүшү керек.

Буга байланыштуу фракция өз программасын ишке ашырчу талапкер катары Абдылдаевди көрсөтүүдө.

52 жаштагы Нурдин Абдылдаев буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору болуп иштеген.

Буга чейин калаа кеңешиндеги КСДП, “Республика-Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракциялары учурдагы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлигин кайрадан көрсөтүп чыккан.

Шаар мэринин шайлоосу 11-январда өтөт.

Бишкек шаардык кеңеши КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан куралган.(BkA)

XS
SM
MD
LG