Стамбулдагы кол салууга шектүү делген адамдын Кыргызстандын жаранынын паспортун колдонду деген маалыматты Мамлекеттик каттоо кызматы текшерүүдө. Бул тууралуу аталган кызматтын жетекчиси Тайырбек Сарпашев "Азаттыкка" билдирди. Сарпашевдин айтымында, учурда маалымат каражаттарына жарыяланган паспорттун үлгүсү боюнча иликтөө иштери башталды.
- Азыр бизге маалымат каражаттарына жарыяланган аталган паспорттун үлгүсү келип түштү. Анын негизинде текшерүү башталды. Жыйынтыгы боюнча укук коргоо органдарына маалымат беребиз, - деди Сарпашев.
Сарпашев бул жаатта Түркиянын расмий органдарынан эч кандай кайрылуу болбогонун кошумчалады.
Буга чейин түрк маалымат каражаттары кол салууга шектүүнүн кыргыз паспортун колдонуп жүргөнүн жазып чыгышты эле.
Жаңы жыл түнү Стамбулдагы “Рейна” түнкү клубуна куралчан адам кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Андан 39 адам каза болуп, 70ке жакыны жараат алган. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” террорчу тобу өзүнө алган.
Түрк бийлиги бул окуяны “теракт” деп атап, кылмышка шектүүнү издеп жатат. (BkA)