Ирактын Самарра шаарындагы полиция бекетине жасалган жанкечтинин чабуулу үч полициячынын өмүрүн алды.
Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, төрт жанкечти Самарра шаарындагы Мутавакил райондук ички иштер бөлүмүнө 2-январда кол салган.
Полиция менен согушкерлердин ортосундагы атышуу бир нече саатка созулуп, 3-январдын таңында токтогон. Согушкерлердин баары жок кылынып, үч полициячы да мерт кеткен.
Чабуул үчүн “Ислам мамлекети” террордук уюму жоопкерчилик алды.
Ирактын Салахеддин провинциясында жайгашкан Самарра шаары Багдаддан 110 чакырым алыстыкта орун алган.
Шаарда өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн баш кеңсеси жайгашкан жана бул калаа шииттердин ыйык жайы катары да эсептелет.