Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:04

Яхъё Машрапов Стамбулда терактка тиешеси жоктугун бышыктады


Интернетте тараган паспорттун сүрөтү
Интернетте тараган паспорттун сүрөтү

Жаңы жыл түнү болгон Стамбулдагы чабуулга шектүү деп паспорту интернетке жарыяланып кеткен кыргызстандык Яхъё Машрапов террордук чабуулга эч кандай тиешеси жоктугун бышыктады.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов сүрөт жарыяланары менен текшерүү башталганын “Азаттыкка” билдирген. Паспорттун ээси Кара-Суу районунда жашары аныкталды. "Ал суракка алынып, кое берилди. Текшерүү жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет”, - деди Сулайманов.

Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев “Азаттыкка” билдиргендей, мындай паспорт чындыгында эле кыргыз жаранына таандык жана тиешелүү маалыматтар УКМКга өткөрүлүп берилди.

Жергиликтүү маалымат агенттигине Яхъё Машрапов 3-январда Стамбулдан учуп келгенин айтып берген. Учакка отурардан мурда аны түрк күч органдары суракка алып, окуяга тиешеси жок экени аныкталган соң кое беришкен.

Түрк маалымат каражаттары Стамбулдагы түнкү клубдагы кол салууга шектүү Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөнү тууралуу маалымат жарыялашкан эле.(BkA)

XS
SM
MD
LG