Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:46

Бишкек шаар башчылыгына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт


Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов.
Бишкек шаар башчысы Албек Ибраимов.

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри кызматына талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктайт. БШК шаардык кеңештеги партияларга талапкер сунуштоо боюнча 4-январга чейин убакыт берген.

Буга чейин Социал-демократтар, “Республика - Ата Журт” жана “Кыргызстан” фракцияларынан түзүлгөн көпчүлүк коалиция азыркы мэр Албек Ибраимовдун талапкерлигин кайра көрсөткөн. Ал эми оппозициядагы “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Нурдин Абдылдаевди көрсөтүүдө. Бишкек шаардык мэрин шайлоо 11-январга белгиленген.

11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгында Бишкек шаардык кеңеши КСДП, “Республика-Ата Журт”, “Кыргызстан”, “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракцияларынан куралган. Оппозицияда “Өнүгүү-Прогресс” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары калган. (NT)

XS
SM
MD
LG