Сириянын Идлиб провинциясындагы аба соккуларынан мурда «Фронт аль-Нусра» деген аталыш менен белгилүү болгон экстремисттик топтун кеминде 25 согушкери жок кылынды.
Бул тууралуу Сириядагы адам укуктары обсерваториясы билдирди. Маалыматка караганда, жок кылынгандардын арасында аталган уюмдун былтыр аталышын өзгөртүп, «Аль-Каиданын» курамынан чыкканын жарыялаган лидерлери да бар.
“Жабхат Фатех аль-Шам” тобуна ким сокку урганы азырынча белгисиз.