Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Түркия: Стамбул түнкү клубуна чабуул жасаган адам аныкталды


Курмандыктарды эскерүү.
Курмандыктарды эскерүү.

Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анадолу маалымат агенттигине 4-январдагы маегинде билдирди. Бирок ал кол салуучунун аты-жөнүн атаган жок.

Автомат менен куралданган киши 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубунда жаңы жылды майрамдап жаткандарга кол салып, 39 адамды атып өлтүргөн, 69 киши жарадар болгон. Учурда кылмышкерди издөө уланууда.

Анадолу маалымат агенттигинин кабарлашынча, “Ислам мамлекети” менен байланышкан беш киши 4-январда Измир шаарында кармалды. Алардын түнкү клубду аткылоого тиешеси бардыгы айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG