Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Аскат Акибаев Кыргызстандын футбол федерациясынын жетекчиси Семетей Султанов менен жолугуп Каракол шаарында эки чоң футбол стадионун куруу боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мындан тышкары эки мини аянтча жана мейманкананын курлушун түптөө боюнча демилгелер айтылды.
Жолугушууда футбол федерациясы жергиликтүү бийликтин демилгеси менен футбол командасын түзүү боюнча сунушу айтылып, Аскат Акибаев тарабынан колдоо тапты.
60-жылдарда курулган Каракол шаарындагы стадиондун аймагы 5 гектарды ээлеп, бул жерде 25 адамга ылайыкталган мейманкана да бар. Бүгүнкү күндө спорт комплексинин эскилиги жетип, жаңылоого муктаж. (SDz)