Аламүдүн районунун Гроздь айылынын жаштары бош убактысын гимнастика залында өткөрөт. Бул жайдын ачылышына себепкер болгон Кулжакүл Койчубекованын айтымында, алгач айыл эли кандай кабыл алат деген кооптонуу болгон. Учурда алардын башкы максаты шаардык мелдештерге окуучуларын алып чыгуу.