Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Түркия Иранды Дамаскиге таасир этүүгө чакырды


Сирия.
Сирия.

Анадолу маалымат агенттигине 4-январда жарыяланган маегинде Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Тегеран Дамаск менен анын тарапкерлерине Сирияда ок атууну токтотуу келишимин сактоого чакырышы керектигин билдирди.

- Сирия режими жана шиит жоочуларына Иран өз таасирин көрсөтүүгө тийиш,- деп айтты Мевлют Чавушоглу.

Иран жана Орусия - Сирия президентинин негизги колдоочусу, ал эми Түркия оппозиция тарапта. Москва менен Анкаранын ортомчулугу аркасында өткөн жумада Сирияда ок атууну токтотуу келишими күчүнө кирип, январь айынын аягында Астанада сүйлөшүүнү баштоо чечилген. Ок атууну токтотуу келишимин бузуу сүйлөшүү келечегине коркунуч жаратарын Чавушоглу да белгиледи.

Түрк министринин маалыматы боюнча, 9-10-январда орус расмийлеринин Түркияга сапары башталат, анда Астана сүйлөшүүсү талкууланат. (AiT)

XS
SM
MD
LG