Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

Премьер-министр электрондук тейлөөнү тездетүүнү тапшырды


Сооронбай Жээнбеков
Сооронбай Жээнбеков

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн электрондук мамлекеттик тейлөөнү жана сервис тутумун киргизүү боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Пилоттук долбоордун бетачарын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев сунуштады.

- Жарандардын мамлекеттик тейлөөгө ишенимин калыбына келтирүү, коррупцияны азайтуу максатында ушул жылдын биринчи кварталында аталган тутумду ишке киргизүү зарыл. Бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана катардагы жарандар электрондук форматка өтүүдөгү оңдуу өзгөрүүлөрдү сезүүсү керек, – деди өкмөт башчы.

Электрондук мамлекеттик тейлөөнү ишке киргизүү үчүн «Түндүк» системасы түзүлгөн. Системанын базасында азыркы тапта 8 мамлекеттик орган тарабынан көрсөтүлгөн 21 электрондук тейлөө тесттик режимде иштейт. Жакын арада дагы 20 мамлекеттик тейлөө системага киргизилет. (SDz)

XS
SM
MD
LG