Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:29

Израил соту аскерди айыптуу деп тапты


Эгерде өкүм күчүнө кирсе аскерди 20 жыл абак күтөт.
Эгерде өкүм күчүнө кирсе аскерди 20 жыл абак күтөт.

Өлкөнүн Аскердик соту жарадар болгон палестинди атып салган үчүн Израил жоокерин айыптуу деп тапты. Сержант Елор Азария куралсыз, кыймылсыз жаткан Фатах аль-Шарифти башына аткан. Окуя өткөн жылы март айында Хеврондо болгон. Ал жерде бир аскер бычакталган болчу. 4-январда Азарияны айыптуу деп тапкан сот кыймылсыз жаткан палестин коркунуч келтирип турган деген адвокаттардын жүйөсүн кабыл алган эмес. Адвокаттар чечимди жокко чыгаруу үчүн жогорку сот инстанцияларына кайрыларын билдиришти. Эгерде өкүм күчүнө кирсе аскерди 20 жыл абак күтөт. Израилдин коргоо министри Авигдор Либерман чечим менен макул эместигин билдирип, бирок чогулган адамдарды соттун чечимин урматтоого чакырды. (AiT)

XS
SM
MD
LG