Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 11:13

Алай: жер көчкү коркунучунан 3 үй-бүлө коопсуз жакка көчүрүлдү


Иллюстративдик сүрөт.

ӨКМ билдиргендей, 4-январда Алай районундагы Чакмак айылында жер көчкү түшүп, 3 турак жайды басып калуу коркунучу жаралды. Көчкү үйлөргө 130 метр жетпей токтогон. Натыйжада аталган үй-бүлөлөрдөгү 25 адам туугандарынын үйлөрүндө убактылуу баш калкалап жатышат.

Буга чейин айылда жер көчкүнүн жылып жатканы эскертилип, аларды көчүрүү аракеттери башталган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда төрт миңден ашуун үй-бүлө кооптуу аймакта жашайт. Алардын миңден ашыгы коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Дагы үч миңге чукул үй-бүлө тынымсыз берилген эскертүүлөргө көңүл бурбай келишет. (NT)

XS
SM
MD
LG