Линктер

бейшемби, 14-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 08:37

Трамп Ассанждын "орус хакерлери" боюнча пикирин колдоду


Орусиянын АКШдагы элчилиги.

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп WikiLeaks долбоорунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын пикирин колдоду. Ассанж Американын Демократиялык партиясынын жетекчилигин киберкоргонууга шалаакы мамиле кылган деп айыптап, шайлоого орусиялык хакерлер кийлигишкенинен күмөн санаган.

-Жулиан Ассанж электрондук почтаны 14 жаштагы өспүрүм да бузмак деп айтты. Эмнеге Демократиялык партия этият мамиле кылган эмес? -деп жазды Трамп "Твиттердеги" баракчасына.

Ал ошондой эле Ассанждын америкалык жалпыга маалымдоо каражаттарынын дарегине айтылган сыны менен макул болду.

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы жаңы баяндамасында "орусиялык хакерлер" тууралуу бардык маалымат айтууну убада берүүдө. Буга чейин атайын кызмат Орусияны кибертыңчылык кылды, Демократиялык партиянын электрондук почталарын бузду деп айыптаган. Кремл бул айтылгандарды четке кагып келе жатат.

XS
SM
MD
LG