Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:24

Президент менен министр алдыдагы пландарды талкуулады


Президент Атамбаев тышкы иштер министри Абдылдаевди кабыл алды.

Президент Алмазбек Атамбаев тышкы иштер министри Эрлан Абылдаевди кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Абдылдаев өлкөнүн тышкы саясаттагы багытын жүзөгө ашыруу багытындагы иштердин 2016-жылга жыйынтыгы тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле негизги чет элдик стратегиялык өнөктөштөр менен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пландар жана келишимдерди аткаруу боюнча көрүлгөн чаралар талкууланды.

Президент Атамбаев тышкы саясатты жүргүзүүдө улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен иш жүргүзүү жана чет өлкөдөгү кыргызстандыктардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоого маани берүүнү тапшырды.(BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG